Б?б?кт?р ?ч?н. Кыргыз эл жомоктору
Мирлан Бакытович Калдыбаев
Ар бир адамдын бала чагы жомоктор менен байланышкан. Жомоктор элдик ооз эки чыгармалык менен бирге пайда болгон жана ата-бабаларыбыз жомок аркылуу балдарына таалим-тарбия бере алган.
Б?б?кт?р ?ч?н
Кыргыз эл жомоктору
Редактор Мирлан Бакытович Калдыбаев
ISBN 978-5-4490-9371-4
Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero
КАРЫШКЫРДЫН КАМКОРДУГУ
Илгери, илгери бир кан болуптур. Анын, ?ч баласы болуптур. Балдарынын аттары бир бирине уйкаш экен. Улуу баласынын аты- Ормон, ортончу баласыныкы – Коргон, кич?? баласыныкы – Болгон экен. Балдары к?н сайын бак-дарактарды кайтарышса да, к?н сайын бактан бирден алма жоголо берет.
Бир к?н? баягы бак-дарактарды кайтаралы деп Ормон, Коргон, Болгон ?ч?? те? келсе, бир куш алманы чокуп жеп отуруптур. Балдар тор жайышып кушту кармап алышат, куш к?пк? чейин талпынып жатып учуп кетет да, бир канаты калып калат. Балдар ?йл?р?н? келип, атасына болгон ишти айтышып, куштун канатын атасына беришет. Канат ж?н канат эмес, алтын канат болуп чыгат. Атасы ойлонуп отуруп:
– Эгерде менин балдарым болсо?ор, ошол кушту таап кармап келгиле, эгер таба албаса?ар кайтып келбегиле, -дейт.
?ч баласы атасынын айтканын эки кылбай, ата-энеси менен коштошуп жолго чыгышат.
?ч бир тууган ж?р?п отурушуп, бир кырдын ары жагындагы сайга келип ке?ешишет. Ормон улуулук кылып:
– Биз ?ч??б?з бир ж?рс?к эч нерсе таба албайбыз, ?ч??б?з ?ч жол менен ?ч багытка: бирибиз батышка, бирибиз чыгышка, ?ч?нч?б?з кыбылага карап б?л?н?п кетели. Ошондо гана биз ал кушту табабыз, -деп акыл айтат.
Агасынын с?з?н макул к?р?ш?п, ?ч бир тууган ?ч жолго кетишет. Улуу агасы Ормон батышка, ортончусу Коргон кыбылага, кич??с? Болгон чыгышка карап жол ж?р?п кетишет.
Ж?р?п отурушуп аз к?нд?н кийин Ормон менен Коргон кездешип чогуу жол улантышат.
Кич??с? Болгон к?н?-т?н? менен жол ж?р?п, ?ч айрык жолго келет.
Жолго к?з?н салып караса: «О? жактагы жолго т?шс? ?з? ?л?т, сол жактагы жолго т?шс? аты ?л?т, туура жолго т?шс?, барса келбес» -деген жазуу бар экен.
Болгон ойлонуп: «Эгер ?з? ?л?рг? т?шс?м, ?з?м ?л?п атым калса, барса келбеске т?шс?м, барсам кайра келбесем: ата-энемди, элимди к?рб?й каламбы? Аты ?л?рг? т?шс?м, атым ?л?п ж?? калармын» -деп аты ?л?р жолго т?ш?т.
Болгон ж?р?п олтуруп ж?р?п олтуруп бир сайга келет, сайдан бир карышкыр чыгып, баланы аттан оодарып салып, атын жара тартып жеп алат. Болгон ж?? кайда барарын билбей туруп калат.
Ошентип турганда Карышкыр кайта келип, адамча с?йл?п жай сурайт. Болгон куштун канатын издеп бара жатканын, атсыз калып, эмне кыларын билбей турганын айтат. Анда Карышкыр:
– Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканы?ды билбей аты?ды жеп койбодумбу. Эми сен менин аркама мингин, адаштырбай кереги?ди таап берейин, -дейт.
Болгон эмне кыларын билбей турганда:
– Мен сага кантип жамандык кылайын, аркама мингин, -дейт дагы Карышкыр.
Карышкыр к?н?-т?н? ж?р?п отуруп, бир айылдын жанындагы тере? сайга келет. Карышкыр Болгонду аркасынан т?ш?р?п:
– Тетиги турган бийик чо? ак ?йг? баргын да, эшигинен кирип барса?, ?йд?н капшытында жабышып турган бир куш бар. Бирок сен кызыгып аны колу? менен сылап ж?рб?г?н, о? жагы?ды караса? бурчта конуп турган кушту к?р?с??, кушту алып чыгып тез келгин. Мен сени ушул жерден к?т?п турамын – дейт.
Болгон айылга барып, баягы ак ?йг? кирет. Кирсе, о? жак бурчта бир куш конуп отуруптур. Болгон кушту алайын деп бара жатып ?йд?н капшытында жабышып турган кушка кызыгып сылап коёт. Ошол замат карышкыр «ка?к» эте т?ш?т. Жан жактан кайтарып тургандар ж?г?р?п келишип Болгонду кармап алышат да:
– Сен мында эмне ?ч?н келди?? -деп сурашат. Болгон:
– Ушул алтын кушту атам алып кел деп жиберген, -дейт. Анда кайтаруучулар:
– Сен биздин айтканыбызды алып келсе?, сага бул кушту беребиз, -дешет. Болгон:
– Эмне иш тапшырса?ар да орундатамын, -дейт.
– Ушул жерден ж?р?п отурса? бир сарайга кез келеси?, ошол сарайдын ичинде к?м?ш жалдуу, алтын куйруктуу бир айгыр бар. Ошону бизге алып келип берсе?, биз сага кушту